Интернеттеги YouTube платформасы Орусиянын жашы жете электерди да дрон чогултууга тарткан "Алабуга Политех" коллежинин рекламасына байланышкан роликтерди өчүрө баштады.
Бул тууралуу блогер Алексей Губанов (Хесус) жазып, кеминде 61 видео өчүрүлгөнүн айтты.
"Настоящее время" жазгандай, Губанов аталган платформа "Алабуганын" өзүнүн каналын да өчүргөнүн белгиледи.
Быйыл майда TikTok "Алабуга Политехти" жарнамалаган блогерлердин аккаунттарын бөгөттөгөн. Алардын арасында миллион аудиторияга ээ аккаунттар да болгон. Ага чейин бөгөттөөлөр Twitch сервисинде да жүргөн.
"Алабуга Политех" – Татарстандын Алабугасындагы өзгөчө экономикалык аймакта жайгашкан коллеж. Орусия Украинага негизсиз толук кандуу бастырып кирген 2022-жылдын февралынан кийин ал жерде Ирандын өндүрүшүнөн чыккан "Шахед" дрондорунун аналогу чыгарыла баштаган.
Учкучсуз аппараттарды чогултууга 9-классты бүткөндөн кийин коллежге тапшырган балдар-кыздар да тартылып келгени аныкталган. Жумуш үчүн коллеждин жетекчилиги 500 миң рублга чейин айлык убада берген. Дрон чогултууга азгырылгандардын арасында кыргызстандыктар да бар.
Окуу жай Евробиримдиктин санкциясында.