Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Израилди оккупацияланган Батыш жээктеги палестиндерди аймактан сүрүп чыгарып, жерлерди аннексиялоого аракет кылып жатат деп айыптады.
Уюм 11-июнда жарыялаган 149 беттен турган баяндамасында палестиндердин күч менен көчүрүлүшү мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү экени белгиленди.
Баяндамада айтылгандай, көптөгөн палестиндер өз жеринен жөөттөр жаңы конуштарды куруп жаткандыктан көчүүгө аргасыз болууда. Бирок мындай аракеттер Израиль өкмөтүнүн колдоосу болбосо ишке ашмак эмес деп эсептейт Amnesty International.
Эл аралык коомчулуктун басымдуу бөлүгү Батыш жээктеги жөөт конуштарын мыйзамсыз деп эсептейт. Израиль болсо бул аймакты талаштуу катары мүнөздөп, анын акыркы макамы сүйлөшүүлөр аркылуу аныкталышы керек деген позицияны карманат.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, 2023-жылдын январынан 2026-жылдын апрелине чейин Батыш жээктеги 100дөн ашык айыл толугу менен же жарым-жартылай бош калган. Ошол эле мезгилде Израилдин күч түзүмдөрү үйлөрдү жана башка курулуштарды бузгандыктан кеминде 7280 палестин жер которууга мажбур болгон.
Израиль буга чейин «этникалык тазалоо» жана башка ушул сыяктуу айыптоолорду четке кагып келген. Өлкө бийлиги мындай дооматтарды көптөн берки өзүнө карата бир тараптуу мамиленин көрүнүшү катары баалайт. Баяндама жарыяланган учурда Израиль өкмөтү ага расмий жооп бере элек болчу.
Учурда Батыш жээкте жана Чыгыш Иерусалимде 700 миңден ашуун израилдик жашайт. Бул аймактарды Израиль 1967-жылкы Жакынкы Чыгыштагы согуш учурунда көзөмөлүнө алган. Палестиндер болсо аларды келечектеги мамлекетинин бир бөлүгү деп эсептешет.
Өткөн жылы АКШ президенти Дональд Трамп Израилге Батыш жээкти аннексиялоого жол бербей турганын билдирген.