Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

17-июнга чейин күндүн ысышына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

16-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймктарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22°, күндүз 34…36° ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 13…15°, күндүз 23…25° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 15-июнда эртең менен 19,1° түздү.

Дагы караңыз

HRW: Кыргызстандагы мыйзам долбоору трансгендерлердин укуктарын чектеши мүмкүн"75чилердин" ачык өткөн сотуна Ташиев катышуудаМурдагы төрага Нурланбек Тургунбек уулу сот создукпашы керектигин айттыКыргызстан боюнча 1-класска 82 миң бош орун бар Израил Бейрутта "Хезболла" тобуна сокку урду. Трамп аны айыптады Орусиянын Украинага соккусунан кеминде тогуз адам мерт болду