Жогорку Кеңештин кароосуна кыймылсыз мүлк ээсине өз каалоосу менен мүлк объектине же андагы үлүшкө каттоо аракеттерин жасоого өзүнө-өзү тыюу салууга мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоору коюлду.
Аталган мыйзам долбоорун бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери комитети 1-окууда карап, колдоп берди.
Анын демилгечиси - Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты - кыймылсыз мүлккө каттоо аракеттерин жасоого өзүнө-өзү тыюу салуу механизмин киргизүү менен мүлк ээсинин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону күчөтүү. Ага ылайык, жаран - өз каалоосу менен өзүнүн кыймылсыз мүлкүнө же андагы үлүшкө каттоо аракеттерин жасоого өзүнө-өзү тыюу сала алат.
Талкуу учурунда көпчүлүк депутаттар өз алдынча тыюу салуу механизми менчик ээлеринин укуктарын шылуундардан коргоонун кошумча куралы болорун белгилешти.
Депутат Токтобүбү Ашимбаева мыйзам долбоорун жетим балдардын мүлктүк укуктарын коргоону камсыздоочу механизмдер менен толуктоону сунуштады.
15-июнда Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери комитети "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окууда карады.
Кыргызстанда акыркы убактарда шылуундар жарандардын кыймылсыз мүлктөрүн алдамчылык менен өздөрүнө же башка үчүнчү адамдарга каттатып, сызга отургузуп кеткен учурлар арбын каттала баштады. Алардын басымдуу бөлүгү - улгайган адамдар.
Кыргызстанда 2025-жылдын 1-ноябрынан баштап шылуундарга алданып калуунун алдын алуу максатында жарандарга "Түндүк" тиркемеси аркылуу банктардан, электрондук акча капчыктарынан насыя алууга өзүнө тыюу салууга шарт түзүлгөн. Улуттук банктын 13-мартка карата берген маалыматында 218 миңден ашуун жаран "Түндүк" порталы аркылуу өзүнө насыя алууга тыюу салган.
Ички иштер министрлигинин маалыматында, быйылкы жылдын алгачкы төрт айында уюлдук телефон, интернет алдамчылыгына байланыштуу 4391 материал катталып, 1711 кылмыш иши козголду. Анын ичинен 695 кылмыштын бети ачылып, 1116 иш тергелип жатат.(ZKo)