Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө билими тууралуу аттестаттар 26-июнда тапшырылат.
Агартуу министрлигинин маалыматында, ал күнү 9-классты бүтүрүп жатан окуучулар негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк, ал эми 11-классты аяктап жаткан улан-кыздар орто жалпы билим жөнүндө аттестат алышат.
Аттестат тапшыруу аземин өткөрүүдө бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо мектеп жетекчилигине жүктөлгөн.
Министрлик бүтүрүүчүлөрдүн аттестат алуусуна байланыштуу акча каражаттарын чогултууга, бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине бул иш-чарадан тышкары кошумча майрамдык кечелерди уюштурууга тыюу салынарын эскертти. Ага ылайык, бул тыюу мектептердин менчигинен көз карандысыз бардык бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине тиешелүү болот.
Быйыл мектептеги түрдүү иш-чараларга, мектеп ремонтуна, мугалимдерге белекке жана башка максатта ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынган. Мыйзам бузган тараптар кылмыш жоопкерчилигине тартылары эскертилген.
Бишкек шаардык милициясы тыюу салынганына карабай, ата-энелерден мектеп ремонтуна деген негиз менен ата-энелерден 1,5 млн сомго чукул акча чогултканы үчүн №24 орто мектептин директору кармалып, ага кылмыш иши козголгонун кабарлаган.
Быйылкы окуу жылында, расмий маалыматка караганда, 11-классты 80 миңден ашуун окуучу аяктоодо. Ал эми 9-классты бүтүрүп жаткандар 136 миңдин тегерегинде.(ZKo)