Евробиримдик Арменияга карата Орусия киргизген импорттук чектөөлөрдүн кесепеттерин жумшартуу үчүн чукул экономикалык колдоо чараларын даярдап жатат. Бул тууралуу төрт маалымат булагына таянып Financial Times басылмасы жазды.
Пландалып жаткан чаралардын арасында Армениядан экспорттолгон азык-түлүк жана айыл чарба өнүмдөрүнө коюлган бажы төлөмдөрүн төмөндөтүү да бар.
«Азыр биз активдүү аракет кылып, аларды колдошубуз керек. Европа ишенимдүү өнөктөш боло аларын көрсөтүүгө убакыт келди. Арменияга достор керек, ал эми биз өз коңшуларыбыздагы туруктуулукту коргошубуз зарыл», — деди басылманын булактарынын бири.
Арменияны колдоо боюнча сунуштар жакынкы бир нече жума ичинде жарыяланышы мүмкүн.
Еврокомиссиянын расмий өкүлүнүн орун басары Олоф Гиллдин айтымында, сунуштала турган соода чаралары армениялык компанияларга Европа рыногуна чыгууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүп, эң көп жабыркаган тармактарды колдоого багытталат.
Орусия Армениядан мөмө-жемиштерди, жашылчаларды, гүлдөрдү, балыкты, алкоголдук ичимдиктерди, минералдык сууну жана башка товарларды импорттоого чектөөлөрдү парламенттик шайлоонун алдында жана премьер-министр Никол Пашиняндын Европа Биримдиги менен жакындашуу ниетин билдиргенден кийин киргизе баштаган.
Пашиняндын «Жарандык келишим» партиясы парламенттик шайлоодо 49,745 пайыз добуш алып жеңишке жеткен соң, Орусия Армениядан келген «карантиндик көзөмөлдөгү продукцияларды» импорттоого тыюу салды.
Бул чектөөлөр болжол менен 130 аталыштагы товарды камтыйт. Алардын арасында айыл чарба продукциясынын дээрлик бардык түрлөрү, ун, өсүмдүктөр, жыгач материалдары, мал азыгы жана текстиль өнөр жайы үчүн чийки заттар бар.
Financial Times басылмасынын эки булагынын айтымында, Брюсселде Москва Арменияга карата соода басымын дагы күчөтүшү мүмкүн деген кооптонуу бар.