Албаниянын президенти Байрам Бегай Кыргызстанга расмий иш сапар менен келди. Анын учагы 17-июнда, “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна конду.
Сапардын алкагында эки лидер - Садыр Жапаров менен Байрам Бегайдын сүйлөшүүлөрү, маданий иш-чараларга катышуусу мерчемделген.
“Ынтымак ордо” буга чейин Бегайдын сапары учурунда "мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөрү, экономика, айыл чарба, туризм, транспорт, санариптештирүү жана башка багыттарда кызматташуу жөнүндө сүйлөшөрүн" билдирген.
Бул Албания президентинин Кыргызстанга алгачкы расмий сапары. Байрам Бегай 16-июнда Өзбекстанда барып, бул өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушкан.
Албания Балкан жарым аралынын түштүк-батышында жайгашкан европалык өлкө. 2,7 миллион калкы бар мамлекет 2009-жылдан бери НАТОнун мүчөсү жана Евробиримдикке кошулууга расмий талапкер.
2024-жылы Кыргызстан менен Албания дипломатиялык жана кызматтык паспорту барларды виза талаптарынан бошотуу келишимин кабыл алган.
2025-жылы Албаниядагы кыргыз элчиси Руслан Казакбаев Тиранада бир катар жолугушууларды өткөрүп, экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаган.(ZKo)