Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды.
Жолугушууда тараптар эки мамлекет ортосундагы алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ой бөлүштү.
Төрага Марлен Маматалиев элчини АКШнын негизделгендигинин 250 жылдыгы менен куттуктады.
Кыргызстан АКШ менен бардык багыттагы байланыштарды бекемдөөгө кызыкдар экендигин белгиледи. Байланыштарды өнүктүрүүдө парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенин айтып, депутаттык достук топторунун ишин күчөтүүнү, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү байма-бай өткөрүү зарылдыгын белгиледи.
Тараптар виза берүү шарттарына байланышкан жагдайлар тууралуу да сөз кылышты.
Марлен Маматалиев кыргызстандыктарга карата визалык режим күчөтүлгөндүгүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди жана элчиден киргизилген күрөөнүн көлөмүн кайра карап чыгууга көмөктөшүүнү өтүндү.
АКШнын элчиси Лесли Вигери жылуу кабыл алганы үчүн төрагага ыраазычылыгын билдирип, Америка Кошмо Штаттары Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурарын кошумчалады.
Визалык жагдайлар боюнча да түшүндүрмө берип, киргизилген талаптар аталган жааттагы мыйзам бузууларды алдын алуу багытында жасалганын белгиледи.
АКШ 2025-жылдын июль айында бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтүн кыскарткан. Кыргызстандын жарандарына мурда B-1/B-2 визасы он жылдык мөөнөткө чейин берилсе, ал үч айга чейин азайтылган. Бул виза менен АКШнын аймагына бир гана жолу кирүүгө уруксат берилет.
B-1/B-2 визалары АКШга убактылуу иш сапар (B-1) же туристтик, эс алуу жана туугандарга жолугуу максатында (B-2) баргысы келгендерге берилет. Бул визаларды алуу үчүн талапкерлер АКШдан кайтып келерин далилдеши керек. Кыргызстандыктардын көбү визанын ушул түрүн тандашат.
2026-жылы 6-январда АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттарга кирүү үчүн күрөө төлөй турган мамлекеттердин тизмесине Кыргызстанды кошкон.
Мамлекеттик департаменттин сайтында белгиленгендей, тизмедеги мамлекеттердин жарандары B1/B2 (туристтик жана иш сапар визасы) визаларын алуу үчүн арыз тапшырып, жарактуу деп табылса 5, 10 же 15 миң доллар өлчөмүндө күрөө (visa bond) төлөөгө милдеттүү болот. Күрөөнүн көлөмүн маектин жүрүшүндө консул аныктайт.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШ өкмөтү менен визага күрөө талап кылынган жаңы жобо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирип келет. (ZKo)