Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

"Эркечтам" өткөрмө бекетинин Кытай тараптагы көрүнүшү. (архив)

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы бекеттер 18-июндан 20-июнга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, чек ара Кытайдын демилгеси менен, Дуаньу майрамына карата жабылууда.

"Эркечтам" чек ара бекети 18-июнда саат 22:00де жабылып, 20-июнь күнү саат 8:00де ачылат.

"Торугарт" чек ара бекети жөө кишилерди жана транспорт каражаттарын өткөрүүнү 19-июнда токтотот, 20-июнда саат 8:00де кайра жандантат.

Кыргыз-кытай чек арасы Кытайдагы майрамдарга байланыштуу жылына бир нече жолу убактылуу жабылат.(ZKo)

Дагы караңыз

Маматалиев АКШ элчисинен кыргызстандыктарга виза режимин жеңилдетүүгө көмөктөшүүнү өтүндүИталиялык музыканттар баалаган Улукмырза Полотов Төрага Маматалиев "75чилердин каты" боюнча Тургунбек уулунун кабары болгонун айтып чыктыЖРТ жыйынтыгында "Алтын сертификатка" 55 бүтүрүүчү ээ болду"75чилердин каты": Эмилбек Узакбаев келбегени үчүн сот отуруму жылдыАКШ-Иран макулдашуусунун чоо-жайы ачыкталды