F1H2O: Ысык-Көлдө жарыш өткөрүү коопсузбу?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө жогорку ылдамдыкта сүзгөн кайыктардын дүйнөлүк чемпионаты өткөнү жатат.
Социалдык тармактарда “Формула-1” деп аталгын жарышты өткөрүүгө каршы чыгып, экологиялык кесепеттери болушу мүмкүн деп эскерткендер аз эмес. Ал эми эл аралык мелдешти уюштуруп жаткан H2O Racing уюмунун жооптуу өкүлү Паоло ди Жермано биздин суроолорубузга жооп берип, экологиялык бардык стандарттар сакталарын, мындай жарыштар 41 өлкөдө уюштурулуп жүргөнүн, арасында ЮНЕСКОнун коргоосундагы көлдөр бар экенин белгиледи.