Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 24-июнда журналисттерге маалымат жыйын берип жатып мандатын тапшырган депутаттар тууралуу "Азаттыктын" суроосуна жооп берди. Төрага мандат тапшыруу маселесин ар бир депутат өзү кабыл аларын, аларга карата басым-кысым болбогонун белгиледи.
"Мен алардын экөөнө чалып сүйлөштүм. Өз эрки менен тапшырганын айтышты",-деди Маматалиев.
Бирок төрага мандатын өз эрки менен тапшыргандардын арасында коомчулукта "Жетимиш бешчилердин каты" аталган кайрылуусуна тиешеси бар депутаттар болгонун четке каккан жок.
Маматалиев парламент көз карандысыз экенин жана ага басым-кысым жок экенин кошумчалады. Ал азыркы Башмыйзамга ылайык, парламенттин ыйгарым укуктары азайганын, мындан улам Жогорку Кеңештин ишмердигине таасири болгонун белгиледи.
Кыргызстанда “Жетимиш бешчилер кайрылуусу" аталган иш быйыл февралда 75 мурдагы жетекчинин президент жана парламент төрагасына кайрылуусу менен башталган эле. Анда алар жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Дал ушул кайрылуу саясий окуялары тездетип, президент Садыр Жапаров менен УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин беш жылга созулган тандеминин урашына себеп болду.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Саясий окуялардын фонунда Жогорку Кеңештин бир нече депутаты мандатын тапшырды. Алардын дээрлик бардыгы өз каалоосу менен мандатып тапшырып, себебин коомчулукка айтышкан эмес.