Арменияда куудул Нурлан Сабуровдун концертин бойкоттоо чакырыгы күчөдү

Казакстандык куудул Нурлан Сабуров.

Казакстандык куудул Нурлан Сабуровдун концертин бойкоттоо демилгесин Threads социалдык тармагындагы колдонуучу Валерий Клименченко көтөрүп чыккан.

Ал жергиликтүү бийликти куудулдун келишине каршы чара көрүүгө чакырып, Канакер-Зейтун районунун прокуратурасына кайрылган.

Клименченко өз арызында Сабуровдун концертин өткөрүүгө тыюу салууну жана аны терроризмди каржылоого байланыштуу текшерүүнү талап кылган.

Буга былтыр интернетке тараган видео себеп болгон. Анда Нурлан Сабуров "Вагнер Истра легиону" деп аталган топко 10 мотоцикл белек кылып жатканы көрсөтүлгөн.

Ушул жылдын 30-январында Орусиянын укук коргоо органдары Нурлан Сабуровдун өлкөгө кирүүсүнө 50 жылга тыюу салган. Бул чечим миграциялык жана салык мыйзамдарын бузганы менен түшүндүрүлгөн.

Андан кийин 2025-жылы тартылган мотоциклдерди тапшыруу тууралуу видео кайрадан кеңири жайылып, Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети куудулдун аракеттерин текшерүүгө алган.

Кийин мекеме жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуу аныкталбаганын билдирген.

Нурлан Сабуров – Казакстанда төрөлгөн стендап куудул жана теле алып баруучу. Ал Орусиядагы Stand Up жана «Что было дальше?» долбоорлору аркылуу кеңири таанылып, акыркы жылдары негизинен Орусияда жашап, эмгектенип келген.

2022-жылы Орусия Украинага кеңири масштабдуу согуш ачкандан кийин Сабуров бул окуя боюнча ачык саясий билдирүү жасоодон карманып келген. Бирок анын позициясы коомчулукта бир нече жолу талкууга алынып, сынга кабылган.

Согуштун алгачкы айларында айрым көрүүчүлөр анын сахнадагы сөздөрүндө Украинадагы окуяларга карата көз карашын жетиштүү деңгээлде так билдирген эмес деп сындашкан.

Дагы караңыз

Бишкек: Кытайлык жумушчуларга салынып жаткан жатакананын курулушу токтотулдуФархат Иминов депутаттын "инвестордон акча талап кылуу" тууралуу билдирүүсүн четке кактыМурдагы ӨКМ башчысы Ажикеевдин ишмердүүлүгүн текшерүү талап кылынды