Кыргызстан–Ооганстан Ишкердик кеңеши түзүлдү

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев жана Ооганстандын Соода жана инвестиция палатасынын төрагасы Сайед Хашеми. Бишкек.

Кыргызстан менен Ооганстандын ортосунда Ишкердик кеңеш түзүлдү. Соода-өнөр жай палатасынын маалыматына караганда, Ишкердик кеңеш эки өлкө ишкерлеринин Бишкекте өткөн бизнес-форумунан кийин түзүлүп, ага Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев жана Ооганстандын Соода жана инвестиция палатасынын төрагасы Сайед Мохаммад Карим Хашеми кол коюшту.

"Түзүлгөн Ишкердик кеңеш мындан ары бизнес өкүлдөрүнүн түз диалогу, бизнес-миссияларды уюштуруу жана ири экономикалык долбоорлорду илгерилетүү үчүн туруктуу платформа катары кызмат кылат”,– деп билдирди палата.

Форумга жергиликтүү 100гө жакын ишкер жана мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Темир Сариев тарыхый коңшулук мамилелерди жаңы экономикалык мазмун менен толуктоо зарылдыгын белгиледи.

Оогандык ишкерлер соода, айыл чарба, курулуш жана логистика тармагындагы биргелешкен долбоорлорго өзгөчө кызыгуусун билдиришти.

Соода-өнөр жай палатасынын маалыматына ылайык, акыркы жылдары эки тараптуу соода алакасы өнүгүүдө. 2024-жылы Кыргызстандын Ооганстанга экспорту 50,4 млн доллардан ашып, рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Былтыр бул көрсөткүч 29,2 млн долларды түзгөн.

Былтыр декабрда Ооганстандын борбору Кабулда Кыргызстан Соода үйү ачылган.

Кыргыз бийлиги азыркы ооган өкмөтү менен кызматташууну жандантып, алака түзүү сунушун эл аралык аянтчаларда да көтөрүп келатат.

Былтыр августта Ооганстандын өнөр жай жана соода министринин милдетинин аткаруучу Нуруддин Азизини Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кабыл алган.

Көп өтпөй, сентябрь айында президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан азыркы оор шартта ооган элине ар тараптуу колдоо көрсөтүү, Ооганстандын экономикасын аймактык жана дүйнөлүк экономикалык процесстерге интеграциялоо маанилүү деп эсептей турганын айткан.

Ооганстанды 1996-2001-жылдары башкарган “Талибан” кыймылы бийликти 20 жылдан кийин, 2021-жылы август айында америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин кайрадан өз колуна алган. (ZKo)

Дагы караңыз

"Казакстандык ишкер" жана дрон. Орусияга оптикалык була ташуунун артында ким турат? Украина Flamingo ракеталары менен Орусиянын дагы бир аскердик ишканасына сокку урду Киев баллистикалык ракеталар менен аткыландыАКШ Ирандын аймагына кайрадан сокку урганын билдирди