Францияда чектен тыш ысыктан улам каза тапкандардын саны орточо көрсөткүчтөн көп катталууда. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук агенттигинен билдиришти.
"24-июндан тарта өткөн айларга караганда миңдей ашыкча өлүм катталды", - деп айтылат маалыматта.
Айрыкча аба ырайыга байланыштуу акыркы күндөрү кызыл режим жарыяланган Иль-де-Франс, Жаңы Аквитания, Бретания, Нормандия жана Пеи-де-ла-Луар аймагында көрсөткүч жогорулаганы байкалган.
Агенттиктин билдиришинче, өлгөндөрдүн көбү (85%) 65 жана андан жогорку жаштагылар. Өлүм көрсөткүчү карылар үйүндө жана атайын адистештирилген жайларда жогору болушу ыктымал экени айтылууда. 24-июндан бери Иль-де-Франс аймагында үй шартында каза болгондордун саны дагы өскөнү байкалууда.
Ашыкча өлүм - бул ысыктан улам жүрөк-кан тамыр, инсульт, дем алуу оорулары козголуп, оор кесепетке алып келген учурлар.
Маалыматтарга караганда, жекшембиде Европада 191 миллиондон ашуун адам кеминде 35°C ысыкты баштан кечирген. Адегенде ысыктын толкуну Батыш Европаны, айрыкча Франция, Белгия жана Испанияны каптаса, кийин чыгышты көздөй жылып, Германия, Чехия, Польша жана Венгрияда мамлекеттеринде катуу ысыкка байланыштуу эскертүүлөр жарыяланды.
28-июнда Польшада 1921-жылдан бери сакталып келген 40,2°C рекорд жаңыланышы мүмкүн экени айтылган. Кийинки маалыматтар боюнча өлкөнүн батышындагы Слубице шаарында температура 40,5°C жетип, улуттук рекорд жаңыланганы кабарланды.