29-июнда Казакстандын парламентинин жогорку палатасы – Сенат тарыхтагы акыркы жалпы жыйынын өткөрдү. Жаңы Конституция күчүнө киргенден кийин Сенат өз ишин расмий түрдө токтотот.
Бул жыйын сегизинчи чакырылыштагы Сенаттын төртүнчү сессиясынын гана эмес, жалпы Казакстандагы эки палаталуу парламентинин тарыхындагы акыркы жыйын болду.
Сенаттын төрагасы Маулен Ашимбаев коштошуу сөзүндө акыркы 30 жыл ичинде Сенат 890дон ашуун жыйын өткөрүп, 3,5 миңден ашуун мыйзам кабыл алганын айтты.
Ал президент Касым-Жомарт Токаевге көрсөткөн ишеними жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, жүргүзүлүп жаткан реформаларды "Адилеттүү Казакстанды курууга карай кадам" деп атады.
Ашимбаев жаңы түзүлө турган Курултайдын ийгиликтүү иштешине ишеним билдирди.
Буга чейин, 26-июнда Мажилис – парламенттин төмөнкү палатасы да тарыхтагы акыркы пленардык жыйынын өткөргөн.
1-июлдан тартып жаңы Конституция күчүнө киргенден кийин Мажилис менен Сенаттын ыйгарым укуктары токтотулат. Алардын ордуна өлкөдө бир палаталуу жаңы парламент – Курултай түзүлөт.
Курултайга депутаттарды шайлоо август айына белгиленип, жаңы парламент сентябрда ишин баштары күтүлүүдө.
Шайлоо партиялык тизме боюнча өтөт. Мындай тартип өз алдынча талапкер болуп катышуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.