Трамп Иран менен сүйлөшүү Дохада өтөрүн билдирди, Тегеран бул маалыматты четке какты

АКШнын президенти Дональд Трамп Франциянын Эвиан шаарында өткөн "Чоң жетинин" саммитинин жыйынтыктоочу маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. 2026-жыл, 17-июнь.

АКШнын президенти Дональд Трамп 29-июнда Иран сүйлөшүү өткөрүүнү өтүнгөнүн жана жолугушуу Катардын борбору Дохада болорун билдирди.

Ал бул тууралуу өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

"Иран жолугушуу өткөрүүнү өтүндү. Ал эртең Дохада болот" – деп жазды Дональд Трамп.

Трамптын билдирүүсүнөн бир нече саат мурда эле Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади техникалык жумушчу топтун ушул жумада жолугушуусу пландалбаганын билдирген.

"Катар менен, анын ичинде экинчи тараптын милдеттенмелерин аткаруусун көзөмөлдөө боюнча кеңешүүлөр адаттагыдай эле уланып жатат. Бирок айрым маалымат каражаттарында жумушчу топтордун техникалык сүйлөшүүлөрү Дохада өтүп жатканы тууралуу кабарлар ырасталбайт", – деди Гарибабади Ирандын Tasnim маалымат агенттигине.

Анын айтымында, техникалык сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы шарттар түзүлгөндөн кийин, ошондой эле анын датасы жана орду боюнча макулдашуу жетишилген соң атайын түзүлгөн жумушчу топтордун алкагында өткөрүлөт.

Бул билдирүүлөр Иран 28-июнда өтүшү керек болгон Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүлөргө катышуудан баш тарткандан кийин жасалды. Тегеран муну АКШнын Иранга жасаган соккулары жана жакында түзүлгөн өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун (MoU) шарттары бузулду деген жүйө менен түшүндүргөн.

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан 29-июнда учурда Катарда сакталып турган Ирандын 6 миллиард долларлык активдери Тегеранга кайтарыларын жарыялады. Бирок АКШнын өкүлдөрү азырынча Ирандын бир дагы тоңдурулган активи бошотулбаганын билдиришүүдө.

Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер ушул жумада Дохада өтүшү күтүлгөн Иран менен жолугушууга катышарын айтты.

Дагы караңыз

Казакстандын Сенаты тарыхтагы акыркы жыйынын өткөрдүОоганстанда Пакистан армиясынын аба соккуларынан ондогон кишинин өмүрү кыйылды“75чилердин каты”: прокурорлор шектүүлөрдү 9 жылдан абакка кесүүнү сурады