Баш прокурор Асаналиев УКМКны жетектейт, Шабданбеков кызматтан кетти

Максат Асаналиев

Баш прокурор Максат Асаналиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу “Ынтымак Ордо” 30-июнда кечке маал кабарлады. УКМКнын буга чейинки төрагасы Жумгалбек Шабданбеков башка кызматка өткөнү үчүн жумуштан бошотулганы кабарланды. Ал эмне ишке которулганы кабарлана элек.

“Ынтымак Ордо” соңку кадрдык жүрүштүн себебин түшүндүргөн жок.

48 жаштагы Максат Асаналиев 2024-жылдын июнунан бери Башкы прокуратураны жетектеди.

Ал Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган. 2000-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 2001-жылы Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) тергөөчү болуудан баштаган жана 2010-жылга чейин улук тергөөчү, өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп иштеген. 2010-жылы Башкы прокуратурага өткөн да, өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп 2018-жылга чейин иштеген.

Асаналиев 2018-2019-жылдары Бишкектеги Биринчи май районунун прокурору, кийин Ош облусунун прокурору болуп иштеген.

55 жаштагы Жумгалбек Шабданбеков быйыл февралда Камчыбек Ташиевдин ордуна УКМКнын төрагасы болуп дайындалган. Ага чейин 2020-жылдын октябрынан тартып УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин орун басары жана 9-кызматтын башчысы катары эмгектенип келген.