"Кыргызсериал" чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин “Эрезе” көркөм тасмасы XXVIII Эл аралык Шанхай кинофестивалынын “Азиянын жаңы таланттары” сынактык программасында көрсөтүлдү. Тасманын режиссёру Наргиза Дотиева, продюсери Гүлнара Касмамбетова.
Аталган тасма кинофестивалда “Алтын кубок” үчүн финалга чыгып, бирок баш байгени кытайлык тасма жеңип алган.
“Азиянын жаңы таланттары” сынагы — Шанхай эл аралык кинофестивалынын эң маанилүү жана салттуу секцияларынын бири. Бул программа Азия өлкөлөрүнөн чыккан таланттуу жаш режиссёрлорду жана сценаристтерди аныктоого багытталган. Сынактын жеңүүчүлөрүнө “Алтын кубок” ыйгарылат. Бул аянтча жаш кинематографисттер үчүн дүйнөлүк рынокко чыгууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
“Эрезе” тасмасы Шанхай фестивалында “Алтын кубок” сыйлыгынын финалына чыкканы тууралуу диплом.
“Эрезе” (Skylark) тасмасы Советтер Союзу тарагандан кийинки мезгилде кыргыз-тажик чек арасына жакын айылда жашаган өспүрүм тууралуу баяндайт. Ал эки башка дүйнөнүн ортосунда жашайт: бир жагында — чыңалган чек ара кырдаалы, экинчи жагында — айылдын тынч, жай турмушу. Тасма жердин жана үй-бүлөнүн бөлүнүшү шартында адамдын калыптанышын көрсөтөт.
Аталган тасманын таанытымы 11-июлда Бишкекте өтөт.
Наргиза Дотиева Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында төрөлгөн. 2007-жылы Лондондогу Вестминстер университетинин режиссура жана кинематография факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Окуусун бүтүргөндөн кийин ал Dove, BMW, Hyundai, Turkish Airlines сыяктуу дүйнөгө белгилүү компаниялар үчүн документалдык жана коммерциялык тасмаларды тарткан. Анын “Көк дарбаза” аттуу кыска метраждуу тасмасы 2024-жылы бир катар эл аралык кинофестивалдарга катышып, сыйлыктарга татыган.
Шанхай эл аралык кинофестивалы - Кытайдагы эң чоң кинофестиваль. Ал биринчи жолу 1993-жылы өткөрүлүп, анда 33 өлкөдөн 167 тасма көрсөтүлүп, 300 миңден ашык көрүүчү катышкан. Өткөн жылы кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын “Кара. Кызыл. Сары” толук метраждуу көркөм тасмасы XXVII Шанхай эл аралык кинофестивалынын “Эң мыкты тасма” сыйлыгын жеңип алган. Кинофестиваль жыл сайын июнь айынын соңунда өткөрүлүп турат.