Орусиялыктардын теңинен көбү (60%) өздөрү жашаган шаарда же аймакта экономикалык абал начарлап баратат деп эсептешет.
Муну америкалык Gallup изилдөө компаниясынын быйыл марттан майга чейин жүргүзүлгөн сурамжылоолору көрсөткөн.
Gallup Орусияда 2006-жылдан бери изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Акыркысы ушул аралыктан берки экономикалык абалды төмөн баалаган эң чоң көрсөткүч болуп калды.
Буга чейин коронавирус пандемиясы маалында, 2020-жылы сурамжылоого катышкандардын 45%, 2021-жылы 50% ушундай пикирди айткан.
Изилдөөгө таянсак, сурамжылоого тартылгандардын 56% жашоо-шарт начарлап баратканын билдиришкен. Бул дагы акыркы 20 жылдагы рекорддук көрсөткүч. Жашоо жакшы деген пикирин 29% респондент билдирген.
Мындан тышкары Gallup орусиялыктардын мамлекеттик институттарга карата ишеними сезилерлик азайганын каттады. Бир жыл аралыгында куралдуу күчтөргө ишеним 79 пайыздан 66 пайызга чейин төмөндөгөн. Өкмөткө ишеним 67 пайыздан 53 пайызга, шайлоолор акыйкат өттү деп ойлогондор 56 пайыздан 40 пайызга кыскарган. Орусиядагы маалымат каражаттарынын эркиндигин сурамжылоого катышкандардын 34 пайызы оң баалаган, бир жыл мурда мындай пикирдегилер 59% болчу.
2026-жылдын жазында орус президенти Владимир Путиндин рейтинги түшүп баратканын орусиялык мамлекеттик социологиялык кызматтар - Коомдук пикирлер фонду (ФОМ) жана Коомдук пикирди изилдөө боюнча жалпы орусиялык борбор (ВЦИОМ) да каттаган.
Июндун этегинде Коомдук пикирлер фонду Путинге ишенимдин деңгээли 69% чейин азайганын маалымдаган. Бул Орусия Украинага негизсиз бастырып кирген 2022-жылдын февралынан берки эң төмөн көрсөткүч.