Медиа: Залужный Зеленскийге президенттикке ат салышуу ниетин айтты

Зеленкий менен Залужный. Киев, 15-январь, 2026-жыл

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башкы командачысы Валерий Залужный президент Владимир Зеленскийге мамлекет башчылыкка ат салышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу өз булактарына таянып "Украинская газета" жазды.

Гезит сөзгө тарткан кишилер айтып бергендей, өткөн айдын ортосунда Зеленский администрациясынын жетекчиси Кирилл Буданов, анын биринчи орун басары Олег Татаров, «Эл кызматчысы» фракциясынын лидери Давид Арахамия, коргоо министри Михаил Федоров жана коопсуздук кеңешинин катчысы Рустем Умеров менен жабык жыйын курган.

"Украинская правда" жазгандай, алар быйыл күздө президенттик шайлоо уюштуруу ыктымалдыгын талкуулаган. Буга жабык социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгы түрткү болгон. Изилдөө Зеленскийдин рейтинги төмөндөгөнү токтогонун, колдоо бир аз өсө баштаганын көрсөткөн.

Басылма белгилегендей, ошол сурамжылоого караганда, Зеленскийге биринчи айлампада шайлоочулардын 33%, Залужныйга 22%, Будановго 14% добуш берүүгө даяр. Ал эми экинчи турда азыркы президентке респонденттердин 32%, Залужныйга 37% ишеним көрсөтөрүн айткан.

"Украинская правда" Зеленский ушу тапта Британиядагы элчи болуп турган генералдын пландарын билүү үчүн аны Киевге чакыртканын жазды.

Расмий себеп катары британ премьери Кир Стармердин отставкасына байланышкан маселелер талкууланары айтылган.

Гезиттин булактары айтып бергендей, кездешүүдө президент Залужныйдан күзүндө шайлоо болсо, ат салышып-салышпасын сураганда, элчи ага: "Ооба. Катышам", - деп жооп берген.

Дагы караңыз

Өзбекстанда калктын саны 39 миллиондон аштыGallup: Орусиялыктардын 60% экономикалык абал начарлады деп эсептейт "Президенттик шайлоого байланыштуубу?" Күч органдарындагы кадрдык алмашуу