Киевде бүгүн аза күтүп жатышат. Орус армиясынын бейшембиге караган түнү жапырт аткылоосунан каза тапкандардын саны 30 кишиден ашты, жүз чактысы жарадар болду.
Украинанын Чукул кырдаалдар мамлекеттик кызматы жума күнү эртең менен дагы үч кишинин сөөгү алынып чыкканын маалымдады.
Президент Владимир Зеленскийдин айтымында, дагы 10 киши дайынсыз, үч жерде урандылардан тазалоо, тирүү калгандарды издөө иштери уланып жатат. Анын маалыматына ылайык, 100дөн ашуун турак үй зыян тартты.
Кыйраган турак жайлардын жанына катардагы шаардыктар гүл, шам алып келишүүдө.
Жыл башынан бери Киев мындай катуу, оор жоготуулар менен коштолгон чабуулга дуушар болгон эмес.
Москва соккуларды орус аймагын дрондор менен аткылоого кайтарылган жооп деп сыпаттады. Орусиянын Коргоо министрлиги аскердик жайлар бутага алынганын айтууда.
3-июлга караган түнү Украинанын жер-жерине соккулар урулду.