"75чилердин иши": Сот өкүмүнүн укуктук жана саясий баасы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстанда соңку жарым жылдан бери башкы саясий окуяга айланган “Жетимиш бешчилер каты” деп аталган иш боюнча сот чечими чыкты. Биринчи май райондук соту УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз адамды төрт жылга кесип, бирок пробация менен эркиндикте калтырды. Аларды сот “Бийликти күч менен басып алууга аракет” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Соттун соңку чечими эмнени билдирет жана анын саясий мааниси кандай? Бул суроолорду “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкуулайбыз. Талкууга адвокат Нурбек Токтакунов, саясий эксперт Алмазбек Акматалиев, активист Айбек Теңизбай жана парламенттин экс-депутаты Исхак Масалиев катышат.