Тажикстан Австриядан 18 оппозиционерди депортациялоону өтүндү

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон

Тажикстандын Ички иштер министрлиги Австриянын бийлигине ал жакта жашап жаткан оппозициялык уюмдардын 18 мүчөсүн Дүйшөмбүгө экстрадициялоо өтүнүчүн жөнөттү.

Мекеменин катында ошол кишилер мекенинде ар кандай айыптар, анын ичинде экстремизм үчүн изделип жатканы айтылат. Бул тууралуу “Озоди” радиосу жазды.

Маалыматка ылайык, Австриянын Юстиция министрлиги катты быйыл апрелде алган. Вена Дүйшөмбүнүн кеминде үч адамды экстрадициялоо өтүнүчүн четке какты.

29-июнда Венанын кылмыш соту 49 жаштагы С.С. аттуу тажик жаранын Дүйшөмбүгө кайтарууга каршы чечим чыгарды. "Озоди" радиосуна атын атагысы келбеген булак айткандай, судья материалдар менен таанышкандан кийин аны Тажикстанга экстрадициялоо мыйзамсыз болот деген тыянакка келген.

Тажик бийлиги ага каршы 2018-жылы конституциялык түзүлүштү өзгөртүү чакырыктары үчүн кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялаган.

Ага чейин, 24-июнда ошол эле сот Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү Фирдавс Шукуровду экстрадициялоо боюнча Дүйшөмбүнүн өтүнүчүн да караган. Тажик бийлиги Шукуров 2021-жылдын 13-октябрында Австриянын баш калаасында Тажикстандын президентине каршы нааразылык акциясына катышканы үчүн доомат артууда. Ал кезде Рахмон Францияда жана Бельгияда жумуш сапары менен жүргөн.

Андан тышкары Австриянын сот органдары оппозициялык "Топ 24" уюмунун мүчөсүн мекенине кайтаруу өтнүчүн да четке какты.

2020-жылы Австрия "Ислам кайра жаралуу партиясынын" мүчөсү болгон тажик жаранын экстрадициялаган. Ал кайтып келгенден кийин 20 жылга эркинен ажыратылган.

Тажкистандын айрым жарандары куугунтуктан жана саясий оппозициялык ишмердүүлүктөн улам Европа өлкөлөрүнөн башпаанек сурап келет.

Германия жана Польша сыяктуу өлкөлөр тажик качкындарын депортациялаган учурлар болгон. Мекенине кайтып келгенден кийин алардын көбү кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Human Rights Watch жана башка укук коргоо уюмдары тажик активисттерин депортациялаганы үчүн европалык өлкөлөрдү бир нече жолу сындашкан. Алар Тажикстандагы оппозиционерлер кыйноолорго жана узак мөөнөткө камалышы мүмкүн деп эскертишет.

Дагы караңыз

Украинадагы Орусиянын согушу: 2 млн киши жок болдуКыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын 1-1,5 айга жете турган кору барБорбор Азиянын өкүлдөрү Али Хаменеинин зыйнатына катышуу үчүн Тегеранга барды