Венесуэлада зилзаладан каза тапкандар үч миңге чукулдады

Куткаруучулар Венесуэланын Ла-Гуайра шаарындагы 24-июндагы кош жер титирөөдөн кийин талкаланган имараттын жанында турушат. 2026-жылдын 4-июлу

Венесуэлада 25-июнга караган түнү болгон эки зилзалада каза тапкандар кеминде 2954 кишиге жетти. Жараат алгандар 16 500дөн ашканын өлкө парламентинин төрагасы Хорхе Родригес 4-июлда билдирди.

Бийлик Уго Чавес менен Нкиолас Мадуро Венесуэланы башкарып турган кезде курулган турак жайлардын сапатын, инфраструктуранын абалын баалоо боюнча комиссия түзүлгөнүн жарыялады.

24-июнда жер эки жолу силкинип, экөөнүн тең магнитудасы 7 баллдан ашкан.

2-июлдагы пресс-конференцияда Родригес куткаруучулар урандылардан аман калгандарды издөө иштерин улантып жатканын, алты миңге чукул кишини алып чыгышканын айткан.

Маалыматка караганда, өлкө кайра куруу фондуна акча чогултуу үчүн эл аралык финансылык институттар менен кызматташууда.

Родригес өкмөт жай иштеди, жардам өз убагында көрсөтүлгөн жок деген сынды четке какты.

Ал ошондой эле дайынсыз болуп жаткан адамдардын санына токтолгон жок. Расмий эмес маалыматтарга караганда, 38 жарым миндей киши табылбай жатат. Зилзаладан кийин 60 миң кишинин дайын-дареги белгисиз экени да айтылган.


Дагы караңыз

Ташовдун адвокаты видеодалилдер мыйзамсыз алынганын айтууда Социалдык тармактар да текшерилет. АКШ миграцияга көзөмөлдү күчөтүүдө