Орусиянын Киевге соккусунда 11 кишинин өмүрү кыйылды

6-июль, 2026-жыл. Украина, Киев соккудан кийин. Имарат талкаланган, автоунаалар өрттөнгөн жерде жүргөн куткаруучулар.

6-июлга караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын борбору Киевге кайра сокку урду. Ракеталардын бири шаардын Подольск районундагы тогуз кабаттуу турак жайга тийип, имарат жарым-жартылай талкаланды.

Киевдин мэри Виталий Кличконун соңку маалыматына караганда, 11 кишинин өмүрү кыйылып, ондогону түрдүү жараат алды.

Кличконун айтымында, дрон сыныктары тийген 21 кабаттуу имараттын үчүнчү, төртүнчү кабаттары жарым-жартылай бузулду. Голосеев районунда беш кабаттуу үйдө, ээн курулушта, кампа имаратында, ачык аянтта өрт чыкты.

Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко да башкалаанын Дарница районунда чабуулдардын кесепетинен үч жерде көп кабаттуу турак жайларга зыян келтирилгенин кабарлады.

5-июлда украин президенти Владимир Зеленский чалгын маалыматтарына таянуу менен Орусия НАТОнун Анкарадагы саммитинин алдында Украинага жапырт соккуларды даярдап жатканын билдирген.

Москва акыркы соккулар тууралуу комментарий бере элек.

Адатта Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аскердик инфраструктурасын гана бутага алганын билдирип, жарандык жайларга сокку урулганын, миңдеген карапайым кишилердин өлүмүнө себепчи болгонун моюнга албайт. Украинанын инфраструктура, социалдык объектилерине күн сайын чабуул коюлуп, Орусия негизсиз согуш баштаган 2022-жылдын 24-февралынан бери миңдеген кишинин каны төгүлдү, миңдегени майып болуп, жетим-жесир калды, дагы миңдеген киши үй-жайсыз калды.

Өзүнө кол салууга жооп катары Украина маал-маалы менен Орусиянын логистикалык жайларына, армиянын каржы булагы саналган мунай заводдоруна сокку уруп келет. Акыркы апталарда буга байланыштуу Орусиянын өзүндө жана андан мунай экспорттогон мамлекеттерде кара май кризиси пайда болду.

Дагы караңыз

Трамп менен Зеленский НАТОнун Анкарадагы саммитинин алкагында жолугушат