Касымалиев Мишустин менен кызматташтыктын орчундуу маселелерин сүйлөштү

Адылбек Касымалиев жана Михаил Мишустин баштаган делегациялардын жолугушуусу. 5-июль, 2026-жыл.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Екатеринбургда Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукту. Бул тууралуу Минкабдын сайты кабарлады.

Расмий маалыматта тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулаганы айтылат. Маселенин өзү аталган эмес.

Адылбек Орусияга жумуш сапары 5-6-июлда болду. Анын алкагында ал Екатеринбург шаарына барып, "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышып, бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда ушул маалда күйүүчү-майлоочу май жана миграция маселеси актуалдуу болуп турат.

Орусиянын көптөгөн аймактарында жана Москва аннексиялап алган Украинанын аймактарында июнь айында бензин тартыштыгы байкалып, баа кескин кымбаттай баштаган. Буга украиналык дрондордун орусиялык мунай иштетүүчү заводдорго жасаган чабуулдары себеп болгону айтылууда.

Кыргыз өкмөтү абалды жөнгө салып, бензин, солярканын баасы кескин кымбаттап кетишин алдын алуу үчүн күйүүчү май ташыган жана саткан ишканаларга 25-майдан тартып убактылуу субсидия бере баштаган. Ал 30-сентябрга чейин уланат.

Энергетика министрлиги Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май алуу боюнча Орусиянын, Беларустун, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына суроо-талаптарды жөнөтүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 1-июлда Орусияда бул өлкөнүн энергетика министри Сергей Цивилев менен жолугуп, кара майга байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Орусия Федерациясынын аймагына кирүү үчүн 1-июлдан баштап чет элдиктер, анын ичинде кыргызстандыктар "Госуслуги" жана "RuID" тиркемесин колдонууга милдеттендирилген. Орусияга иштөө, окуу же башка максат менен бара турган кыргызстандыктар 72 саат мурда тиркеме аркылуу электрондук арыз тапшырышы керек. (ErN)