Түндүк-түштүк альтернативдүү жолундагы сел толук тазаланып, каттам ачылды

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолуна түшкөн селдин тазаланган тилкеси.

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолуна түшкөн сел толук тазаланып, каттам калыбына келтирилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Министрлик белгилегендей, унаа жолунда аба ырайы ачык. Учурда сел түшкөн тилкелерде тазалоо жана жолду кеңейтүү иштери улантылууда.

4-июлдун кечинде нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен аталган жолдун айрым тилкелерине сел түшүп, жол убактылуу жабылган эле. Жерине министрликтин атайын техникалары ыкчам тартылып, 5-июлда жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада унаалар үчүн каттам калыбына келтирилген.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, оңдоо иштери жүрүп жаткан тилкелерден өтүүдө ылдамдыкты төмөндөтүп, этият болууга чакырат. (ErN)