Велосипедчини өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек-Ош унаа жолунда велосипедчини өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.

Окуя 1-июлда болгон. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кызыл-Туу айыл аймагында “Матиз” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жолдун четинде велосипед менен бара жаткан 1955-жылы туулган жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен велосипед айдап бара жаткан жаран окуя болгон жерде каза болгон.

Жол кыймыл тескөөчүлөрдүн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында айдоочу кармалды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө айдоочу К.С.М. мурда соттун чечими менен 1 жылга транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылганына карабастан, айдоочулук күбөлүгүн мыйзамдуу тартипте кайра албай туруп унаа башкарганы аныкталды. Ошондой эле медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгына ылайык, айдоочу жол кырсыгы болгон учурда алкоголдук мас абалда болгону такталды.

Кылмыш-жаза кодексине киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, анын аракеттерине укуктук баа берилип, кодекстин 312-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, эки айлык мөөнөткө камакка алынды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы спирт ичимдигин ичип алып рулга отуруу, айдоочулук укугу жок транспорт каражатын башкаруу жана жол кырсыгынан кийин окуя болгон жерден качып кетүү мыйзам алдында оор жоопкерчиликке алып келерин эскертти. (ErN)