Орусиянын Ростов-на-Дону шаарынын түштүк округдук аскердик соту Тажикстандын жаранын Ессентуки шаарынын автобекетинде теракт даярдоого күнөөлүү деп тапты.
Бул тууралуу маалымат соттун сайтына жарыяланды.
Тергөөнүн версиясына караганда, тажик жараны 2024-жылы өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук уюмдун катарына кирип, ант берген. Ал муну видеого тартып, файлды топтун катышуучусуна жиберген. Андан кийин Ессентукинин автобекетинин аймагын чалгындаган. Тергөөчүлөр бул жерде теракт уюштурууну пландаган деп эсептейт.
Мындан тышкары жардыргыч зат жасоо үчүн жабдууларды алганы, алар ижарага алынган гаражда сактаганы, ал жактан күч органдарынын өкүлдөрү тапканы айтылды.
Сот тажикстандыкты теракт даярдоо, жардыргыч заттарды мыйзамсыз жасоо аракети, эл аралык террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу беренелери менен күнөөлүү деп таап, катаал тартиптеги колонияга 15 жылга кести. 500 миң рубль (6500 АКШ доллары) айып салды.