Оштогу менчик мектептин жамааты жана ата-энелери президенттен жардам сурады

“КелБил” мектебинин эмгек жамаатынын жана анда окуган балдардын ата-энелеринин президентке кайрылуусунан алынган скриншот.

Ош шаарындагы “КелБил” жеке менчик мектебинин эмгек жамааты жана анда окуган балдардын ата-энелери президент Садыр Жапаровго кайрылып, билим берүү комплекси жайгашкан имараттан мажбурлап чыгарылганы жатканын даттанды. Алардын видео кайрылуусун мектептин тең негиздөөчүсү жана директору Өмүрбек Акбаралиев Фейсбуктагы баракчасында жарыялады.

Мугалимдер жана ата-энелер мамлекет башчыдан имараттын ээси менен келишпестикке кийлигишип, талашты чечип берүүнү өтүндү.

Директор Өмүрбек Акбаралиевдин сөзүнө караганда, ижарачы аларды окуу жылынын алдында имараттан чыгып кетүүгө мажбурлоодо:

“Биз бул имаратты ижарага алып, балдарга билим берип, мектеп иштетебиз. Ачылганыбызга беш жылдын жүзү болду. “КелБил” мектеби Ош шаарында орду бар мектептердин бири. Мектеп ачуу, команда топтоо, окуучуларды чогултуу, билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү кыйын, түйшүгү оор, кыжалатчылыгы көп иш. Ал эми мектепти жаап салуу заматта. Имарат ээсинин байысам деген ниети 400гө жакын окуучунун билим алуусун жана 50дөй мугалимдин ишин токтотууга себеп болууда. Эки жыл мурун ушул бүтпөгөн имаратты бүтүрүү үчүн болгон каражатыбызды салып, жетпегенине жашап жаткан үйүбүздү күрөөгө коюп, алган насыябызды дале төлөп келебиз. Имараттын ээси – Назгүл Жолдошева, документ боюнча ээлик кылган бир тууган Өмүрбек Жолдошев бизди “имараттан чыгарам” деп жатат. Башында беш жылга келишим түзөбүз деген сөзүнө ишенип, каражат салганбыз, бүтпөгөн имаратын бүтүргөнбүз. Жыл сайын ижара акысын көтөрүп, жаңы келишим түзөт. Ижара акысы да олчойгон, чоң сумма. Бул жылы да жаңы келишим түзөбүз деп, иниси телефон чалып, айткан. Анын сөзүнө ишенип, ремонт жасап, ата-энелер, мугалимдер менен келишим түзүп, окуучуларга бирдиктүү форма үчүн каражат топтоп, буйрутма бергенбиз. Бир аптадан кийин “биз силер менен иштешпейбиз, имаратты бошоткула, суу менен жарыкты өчүрттүрөм” деп чыкты. Бул боюнча Ош шаарынын мэрине, Ош шаарынын прокуроруна, УКМКнын Ош шаары боюнча башкы башкармалыгына да кайрылдык. Ал эми ижара ээси “имаратымды мыйзамсыз басып олтурат” деп милицияга кайрылган экен, тергөөчү келип, “чыкпасаңар кылмыш ишин козгойм” деп, кыжалат кылып турат. Биз кылмышкер эмеспиз, биз билим берүүнүн гана күйөрманыбыз. Окуу жылынын башталышына 1,5 айдан ашыгыраак убакыт калды. Ушунча окуучуну алып, бул убакытта башка имаратка чыгып кетүүгө каражатыбыз да, мүмкүнчүлүгүбүз да жок. Ошондуктан ушул имаратта дагы бир жыл иштөөгө уруксат сурап жатабыз”, – деди ал.

Видеодо ошондой эле окуучулардын ата-энелери да кайрылуу жасап, окуу жылын башталар алдында мектепти аталган имаратта сактап калууну өлкө жетекчилигинен суранган.

"Азаттык" ишкер Назгүл Жолдошева байланышканда, ал өзүнүн имараты билим берүү багытына профилдештирилбегенден улам тиешелүү мамлекеттик органдардан эскертүү алганын жана ага айып пул салынганын, ошол себептүү мектепти чыгарууга аргасыз болуп жатканын билдирди.

Жолдошева мектеп менен беш жылга эмес, эки жылга гана келишим түзгөнүн, оңдоп-түзөөгө кеткен каражаттын эсебинен билим берүү мекемеси 2024-2025-окуу жылы акысыз иштегенин билдирди. Ал тактагандай, 2025-2026-жылы ижара акы үчүн 750 миң сом алган. Ишкер жаңы кийинки жыл үчүн мектепке акы сунуштабаганын, алардын жөн гана чыгып кетүүсүн талап кылып жатканын айтып, милицияга арыз жазганын ырастады.

Тараптардын талашы боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдары да маалымат тарата элек. (ErN)