Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) шашылыш билдирүү таратып, 7-июль күндүн экинчи жарымында жана 8-июль күнү Кыргызстандын аймагында абанын температурасы жогорулап, нөшөрлүү жаан-чачынга болорун эскертти.
Мекеме билдиргендей буга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй, Ош облустарынын өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын жок, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Жаз айларынан бери жаан-чачын катуу жааган маалда Кыргызстандын ар кайсы аймактарында удаа сел турак-жайларды жана башка инфратүзүм жайларып каптап жатат.
Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө жыл башынан бери кеминде 283 сел кырсыгы катталды. (ErN)