Жогорку окуу жайларга кабыл алуу 13-июлдан башталат

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу. Архивдик сүрөт.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2026–2027-окуу жылына Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турларынын графигин бекитти. Бул тууралуу мекеме социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жарыялады.

Кабыл алуу өнөктүгү беш негизги тур менен өткөрүлөт. Биринчи тур 13-июлдан, экинчи тур 20-июлдан, үчүнчү тур 27-июлдан, төртүнчү тур 3-августтан, бешинчи тур 10-августтан башталат.

Ар бир турдун алкагында абитуриенттерди каттоо, окууга сунушталган талапкерлердин тизмесин жарыялоо жана алардын тандаган жогорку окуу жайында билим алууга макулдугун ырастоо этаптары жүргүзүлөт. Бешинчи тур аяктагандан кийин бош орундар калган учурда, 22-августка чейин рейтингдик тизмелердин негизинде кошумча кабыл алуу жүргүзүлөт.

Документтерди кабыл алуу жана конкурстук тандоого катышуу “Абитуриент онлайн” платформасы аркылуу онлайн форматта жүргүзүлөт.

Жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) кабыл алуу ЖРТнын жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт. Искусство жана дене тарбия багыттары боюнча гана кошумча кирүү сынактары белгиленген тартипке ылайык өткөрүлөт.

Министрлик абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгүнүн ар бир этабынын мөөнөттөрүнө кылдат көңүл бурууга жана кабыл алуу боюнча макулдугун автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу өз убагында ырастоого чакырат.

Расмий маалыматка караганда, быйыл 11-классты 80 миңден ашуун окуучу аяктады. 9-классты аяктап жаткандар 136 миңдин тегерегинде болду. (ErN)