Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасындагы “Кадамжай” жана “Чечме” көзөмөл-өткөрүү бекеттеринде мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар кызмат адамдарын кармоо операциясын жүргүзгөнүн ырастады. 5-июлдагы иш тууралуу мекеме 7-июлда маалымат берди.
Билдирүүдө айтылгандай, мурдараак чек арада мыйзамсыз акча чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (“Пара алуу”) боюнча кылмыш иши козголгон.
Иштин алкагында “Кадамжай” көзөмөл-өткөрүү бекетинен Чек ара кызматынын 17 кызматкери, Мамлекеттик бажы кызматынын 5 кызматкери, Ветеринардык көзөмөл кызматынын 1 кызматкери, 1 фельдшер жана 3 жаран, ал эми “Чечме” көзөмөл-өткөрүү бекетинен 11 чек ара кызматкери жана 3 бажы кызматкери кармалды.
Тинтүү иш-чараларынын жыйынтыгында Кыргызстандын сому, Өзбекстандын суму жана АКШ доллары түрүндө ири өлчөмдөгү каражат табылып, далил буюм катары алынды.
УКМК бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатканын кошумчалады.
Күн мурун бир катар басылмалар укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактарына таянуу менен УКМК "Кадамжай" жана "Чечме" көзөмөл-өткөрүү бекеттеринде Чек ара, Бажы жана Ветеринардык көзөмөл кызматтарынын кызматкерлерин кармоо операциясын жүргүзгөнүн, кармоо маалында ок атуу болгонун жазып чыгышкан. Басылмалар операциянын жыйынтыгында жалпы 27 кызматкер кармалганын жазышкан эле. (ErN)