Кытай менен Беларус Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май жөнөтүүгө макулдук берди

Кыргызстандагы май куюучу жай. Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай менен Беларус Бишкекке күйүүчү-майлоочу май сатууга макулдук берди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” билдирди.

"Кытай 3 миң тонна авиакеросин жеткирүү боюнча келишимди бекитти. Алардан кошумча 5 миң тонна дизелди алып келүү боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындан сырткары Кыргызстандын Министрлер кабинети Беларустан 3 миң тонна авиакеросин жана 10 миң тонна дизел отунун ташуу боюнча келишимге кол койдук. Аны алып келүү үчүн Орусиядан транзит сурап жатабыз, кечээ алардын премьери-министри менен сүйлөшүп келдик. Башка өлкөлөр менен да сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз", – деди ал.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги июнь айынын башында күйүүчү-майлоочу май алуу боюнча Орусиянын, Беларустун, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына суроо-талаптарды жөнөтүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 1-июлда Орусияда бул өлкөнүн энергетика министри Сергей Цивилев менен жолугуп, кара майга байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. 5-июлда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Екатеринбургда Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукканда да ушул маселе сөз болгон. Мишустин менен кездешүүгө Амангелдиев да катышкан.

Орусиянын көптөгөн аймактарында жана Москва аннексиялап алган Украинанын аймактарында июнь айында бензин тартыштыгы байкалып, баа кескин кымбаттай баштаган. Айдоочулар май куюучу жайларда узун кезекке туруп калды. Буга украиналык дрондордун орусиялык мунай иштетүүчү заводдорго жасаган чабуулдары себеп болгону айтылууда. Июнда да, июлда да бир нече завод аткылоого кабылды.

Кыргыз өкмөтү абалды жөнгө салып, бензин, дизелдин баасы кескин кымбаттап кетишин алдын алуу үчүн күйүүчү май ташыган жана саткан ишканаларга 25-майдан тартып убактылуу субсидия бере баштаган. Ал 30-сентябрга чейин уланары маалымдалган.

Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат. (ErN)