Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аэропортунда кырсыкка кабылган TezJet авиакомпаниясынын учагынан 181 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү борттон аман-эсен чыгарылып, эвакуацияланды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик компаниясынын өкүлү Алена Хоменко "Азаттыкка" ырастады.
Алена Хоменко билдиргендей, учак күүлөнүп, көтөрүлүп жатканда арткы шассиси (самолёттун жерде жүрүүгө мүмкүндүк берген бөлүгү) сынып кетип, жерге кулап кеткен. Учактын ичиндегилер үйлөмө трап менен сыртка чыгарылган.
Ишкананын өкүлүнүн айтымында, жүргүнчүлөрдүн кээлери жеңил жаракат алышты. Олуттуу жабыркагандар жок.
Учурда учакты учуу тилкесинен чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө. Кырсык катталган жерде дарыгерлер, өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар да иш алып барууда.
"Манас" эл аралык аэропортунан аба каттамдары 22:00гө чейин убактылуу токтотулду. Тилке тазаланган соң кошумча маалымат берилмекчи.
TezJet авиакомпаниясынын Бишкектен Ошко учуп бараткан учагы 7-июль түштөн кийин кырсыкка кабылган. Жарандык авиация кызматы кырсыктын себептерин аныктоо боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
TezJet компаниясы 2013-жылы негизделип, 2014-жылдан эл ташый баштаган. Бишкектен Баткенге, Жалал-Абадга, Раззаковго жана Ошко учат. Жайында Тамчы-Жалал-Абад, Тамчы-Ош каттамдарын аткарат.
Компаниянын McDonnell Douglas-83, АвроЖет–85 үлгүсүндөгү үч учагы бар. Аларды баары 1996-97-жылдары жасалган. Учактарынын бири 1-апрелде Софияга учуп кеткен бойдон келе элек. Авиапорталдар ал жакта сакталууда экенин жазышкан.
Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, TezJet жеке компаниясы 2023-жылдын октябрында АККА Группасына сатылып, аны индиялык ишкер Арун Кумар Сингх жетектейт. Ага чейин кыргызстандык Алик Аскаров башкарган. TezJet - кыргыз футбол курама кондасынын расмий өнөктөшү катары оюнчуларды Кыргызстан ичинде ташыйт. (ErN)