Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы курулуш мыйзамдарын бузган "Алтын Строй Групп" компаниясынын лицензиясын токтотту. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады.
Быйыл апрелде кеп болгон компания салып жаткан Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсү 54 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак жай архитектуралык-уруксат берүүчү документтери жана мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу жок курулуп жатканы аныкталган. Аталган мыйзам бузуу боюнча тиешелүү акт түзүлүп, компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, курулуш иштери токтотулган.
Июнь айынын башында ушул эле компания Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсү 24 дарегинде дагы бир объектиде архитектуралык-уруксат берүүчү документтери жок, мамлекеттик экспертизанын оң корутундусуз жана курулуш ченемдерин сактабастан жер казуу иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталып, курулуш иштери токтотулган.
22-июнда жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн кайра текшерүүдө курулуш иштеринин натыйжасында тротуардын бузулгандыгы тастыкталып, компанияга дагы 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.
Эки даректеги объектилерде курулуш иштери мыйзамсыз түрдө уланып жаткандыгы жана өзүм билемдик белгилери боюнча материалдар Ош шаардык прокуратурасына жана УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Компаниянын өзүнүн лицензиясы токтотулду.
1-июлда эркин журналист Эламан Карымшаков Ошто курулуш компаниясы үй салып жаткан жердеги тротуарды бузуп, жердин астын оюп салганын айтып чыккан. 5-июлда блогерге берген маегинде компания өкүлү үйдүн жерпайын шашып казып жиберишкен маалда тротуар көчүп кеткенин, курулушту бүткөн соң аны калыбына келтиришерин билдирген. (ErN)