Соң-Көлдөн узундугу 37 километр тор чыгарылды

Соң-Көлдөн узундугу 37 километр тор чыгарылды.

“Соң-Көл балык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери июнь айынын башынан бери Соң-Көл көлүнөн узундугу 37 километрди түзгөн мыйзамсыз торлорду чыгарды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.

Иш-чара Соң-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга, биологиялык ресурстарын коргоого жана көлдүн мелиоративдик абалын калыбына келтирүүгө багытталган. Учурда көлдөгү мыйзамсыз балык уулоочу шаймандардан тазалоо иштери улантылууда.

Президент Садыр Жапаров быйыл апрелде Фейсбукта пост жазып, тиешелүү органдардын кызматкерлери акыркы беш жылдан бери Ысык-Көлдү синтетикалык торлордон тазалап бүтө албай жатканын билдирген. Мамлекет башчы өз билдирүүсүндө Соң-Көл көлү менен Токтогул суу сактагычында да ушундай эле көрүнүш экенин кошумчалаган.

Соң-Көл Нарын дубанында, деңиз деңгээлинен 3016 метр бийиктикте жайгашкан көл. Көлдө балыктын ондон ашык түрү бар. Анда ошондой эле канаттуулардын 70тей түрү байырлайт. (ErN)