Бишкек мэри балдар арабасын жол акыдан бошотууну сунуштады

Айбек Жунушалиев менен Талант Капаров.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров менен кеңешме өткөрүп, жол акыны накталай эмес төлөө системасын киргизүүнүн жыйынтыктарын талкуулады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Шаар мэри коомдук транспортто балдар арабасы үчүн жол акысын төлөөдөн бошотуу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.

“Балдар арабасы менен коомдук транспортко түшкөн ата-энелер араба үчүн жол акысын төлөбөгөндөй шарт түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарыл. Колдонуудагы жоболорго өзгөртүү киргизилгенге чейин бул демилгени ишке ашыруунун механизмдерин иштеп чыгып, аны бир айлык пилоттук режимде ишке киргизгиле. Бул аралыкта калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, пилоттук долбоордун жыйынтыктарын талдап чыгып, андан соң Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизүү үчүн тиешелүү чечимдердин долбоорун даярдагыла”, – деп тапшырма берди калаа башчысы.

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору жол акыны накталай эмес төлөө системасы оң жыйынтыктарды берип жатканын маалымдады. Талант Капаровдун айтымында, жүргүнчүлөр үчүн жол акысын төлөөнүн 11 ыкмасы жеткиликтүү. Ишкананын жетекчиси түнкү каттамдар жүргүнчүлөрдүн оң пикирин жаратып жатканын билдирди.

2025-жылы Бишкекте Транспорт департаментинин коомдук транспортто бөбөк арабага кошумча жол кире талап кылган чечими коомчулуктун кескин сынына кабылган. Төрт жыл мурунку шаардык кеңештин токтомуна ылайык, жүргүнчү алып бараткан жүктүн көлөмүнө карап кошумча жол кире төлөөгө милдеттүү.

Быйыл 1-июлдан тартып муниципалдык автобустарда накталай акча менен төлөм жүргүзүү токтотулуп, жалаң накталай эмес төлөм аркылуу гана акы алына баштады. Мындан сырткары шаарда түнкү каттамдар да ишке киргизилди.

Ага чейин жол кирени накталай төлөөгө тыюу салынарын шаар мэри Айбек Жунушалиев айтып чыгып, буга соцтармактарда нааразылык айтылган. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мэриянын демилгесин сындаган.

Учурда Бишкекте автобуста жүрүү акысы - накталай эмес түрдө төлөнсө 17 сом, накталай 20 сом.

Мэриянын маалыматына караганда, учурда шаарда күн сайын 1 567 автобус жана электробустар каттамга чыгууда. (ErN)