Агартуу министрлиги Ысык-Көлдө окуучунун сабалышы иликтенип жатканын билдирди

Окуучу башка баланы сабап жаткан учуру. Интернетте тараган видеодон алынган сүрөт.

Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тараган видеодогу мектеп окуучусунун сабалышы тууралуу расмий маалымат таратты.

Мекемеден билдиришкендей, аталган окуя 29-майда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы жеке менчик “Кут Билим” окуу-тарбия комплексинде болгон.

“Учурда бул факт боюнча Ички иштер министрлиги териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле окуучулардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан улам мурдагы директор кызматынан бошотулуп, учурда билим берүү уюмунда жаңы директор иш алып барууда”, – деп айтылат маалыматта.

Мунун алдында интернетте Ысык-Көлдөгү жеке мектепте окуучу сабалды делген видео тараган. Анда бир окуучу башка баланы ээк талаштыра үч ирет урганы тартылган. Тасманын соңунда жабырлануучу жыгылып калганы көрүнөт.

Кийин Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы маалымат берип, факт каттоого алынып, териштирүү башталганын билдирген. (ErN)