20 жылдай мурда ооруканада балдарына иммундук жетишсиздик вирусун – ВИЧ илдетин жапырт жуктурган ата-энелер Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын, орус президенти Владимир Путиндин жана башка белгилүү адамдардын сүрөтү түшүрүлгөн беткап менен Ошто нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы кабарлады.
10-июлда Ош облустук ооруканасынасынын алдында чогулган 50гө жакын эне өкмөт өкүлдөрү жана дарыгерлер менен жолуктурууну талап кылышты. Алар буга чейин берилген убадалар толук аткарылбай жатканын белгилеп, мамлекет бөлгөн жөлөкпул эч нерсеге жетпей жатканына даттанышты. Энелер ошондой эле бой жеткен балдарын турак жай менен камсыз кылууну талап кылышты.
Учурда ВИЧ жуккан балдарга ай сайын 6600 сомдон жөлөк пул төлөнүп берилет. Акциянын катышуучулары белгилегендей, бул сумма балдардын дары-дармегине араң жетүүдө.
2007-жылы Ош облустук балдар ооруканасынан жана Ноокат райондук ооруканасынан эки жашка толо элек ондон ашуун наристеге ВИЧ жукканы аныкталган. Бул үрөй учурган окуя кыргыз медицинасынын тарыхындагы чоң трагедия болуп калды. Иликтөөлөрдө илдет кан куюу жолу менен жукканы айтылып, соттук териштирүүлөр жүргөн. Алгач ВИЧ 20дай наристеге жукканы аныкталып, кийин бул сан 422ге жеткен.
Дарт жуккан балдардын көбү Ош, Манас шаарларында, Сузак, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунда жашайт. Айрымдары чөйрөсүндөгү кодулоодон башка жакка көчүп кетүүгө аргасыз болгон.
Кыргызстанда ВИЧти ооруканадан жугузуп алгандарга акчалай кенемте төлөп берүүнү караган мыйзам 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирип, ата-энелерге бир жолку төлөнчү 100 миң сомдон берилген. Кийин ай сайын жөлөк пул бериле баштаган.
ВИЧ жуктурган 422 баланын учурда 361и дарыгерлердин көзөмөлүндө болсо, 61и каза болгон.
ВИЧ – иммундук таңкыстыктын вирусу. ВИЧ оорусун жугузуп алган адамдар көп жыл бою – 5 жылдан 15 жылга чейин өз оорусун билбей жүрө берет, өзүн соо адамдардай сезет, бирок вирус канында болгондуктан тездик менен көбөйөт жана кийин адам тез-тез ооруйт.
ВИЧ менен күрөшүүдө Кыргызстанга эл аралык уюмдар жардам берип келген. 2025-жылы эл аралык программаларды каржылоо азайган же токтогон. Учурда Кыргызстанда ВИЧке каршы күрөшүүдө дары-дармекке кеткен каражаттын 80% мамлекет бөлүп берет. (NK\ErN)