"Аркайык - көчмөндөрдүн арфасы". Көлдөн табылган байыркы аспап
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстанда биздин замандын II–III кылымына таандык байыркы музыкалык аспапты калыбына келтиришти. Аркайык деп аталган арфага окшош аспап мындан үч жыл мурда Ысык-Көлдөгү коргондордун биринен табылган. Археологдордун белгилешинче, аркайык көчмөндөрдүн мурасы, буга чейин 1947-жылы Алтайда табылган. Анын жети кылдуу версиясын уста Нурадин Абдразаков калыбына келтирсе, 24 кылдуусу Алтайдын эл артисти Ногон Шумаров ойногон ядаган аспабынын үлгүсүндө жасалган. Эки аспапты калыбына келтирүү ишин музыка таануучу, жаачы, этномузыкант Бактыгүл Абди Жетиген өз моюнуна алган. Бактыгүл буга чейин көчмөндөрдүн жетиген аспабында биринчилерден болуп кол ойноткон.