Жанарбек Акаев Ошто жол курулушунун создугуп жатканын сынга алды

Оштун мэри Жанар Акаев таңкы рейд учурунда. Ош. 25-февраль, 2026-жыл.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Транспорт министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан жолдун курулушу кечеңдеп жатканын сындады. Акаев курулуш жүрүп жаткан жолду көрүп, куруучулар жана тиешелүү жетекчилер менен жолугушкан. Сөз болгон жол Ош- Ноокат-Баткен-Разаков шаарларын бириктирген негизги эл аралык жолдордун бири. Бул жолдон күнүнө миңдеген унаалар каттап турат. Жапалак айыл аймагын аралап өтүп, Ошко кирүүчү негизги жол болуп эсептелинет.

Калаа башчысы Транспорт министрлигинин Оштогу өкүлчүлүгүнө жана курулушту жүргүзүп жаткан компанияга курулуш иштерин тездетүүнү талап кылып, өзгөчө көпүрөнүн курулушун 10-августка чейин толук бүтүрүү керектигин айтты.

"Менин мэр болгонума төрт айдан ашты. Андан бери биз канча көчөнү бүтүрүп пайдаланууга бердик. Ушул жолдун башталганына бир жыл болсо, ушул көпүрөгө алты ай болду. Бул жерде Баткен менен Ноокатка каттагандардын баары муну бизден көрүп жатат, "мэрия жасап койбойбу" деп. Бул Транспорт министрлиги куруп жаткан жол менен көпүрө", - деген Жанар Акаев.

Учурда аталган тилкеде жолдун негизин даярдоо, асфальт төшөө жана инженердик курулуштарды бүтүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул жол Ош шаары менен Ноокат районун, Баткен облусун бириктирет. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги курулуштун создугун жатышынын себебин айта элек.

Дагы караңыз

Талибдер Брюсселде: Батыш оогандардын жаңы режимин тааныйбы?