Акын Аскат Жетиген абактан кат жазып, саламаттыгы начарлап кеткенин кабарлады

Аскат Жетиген сотто. Бишкек шаардык соту. 19-сентябрь, 2024-жыл.

Учурда №27 түзөтүү мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан акын Аскат Жетиген абактан кат жазып, ден соолугу начарлап кеткенин билдирди.

Анын катын укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова 12-июлда социалдык баракчасына жарыялап, Аскат Жетиген катты адвокаты аркылуу берип жибергенин жазды. Абдирасулованын атына жазган катында акын башы ооруп жатканын айткан.

"Убакыт азайган сайын күндүн өтүшү жайлап жаткандай сезилет. Негизинен абалым жакшы болгону менен, ден соолугум начарлап жатат. Балким күндүн ысыгынан, балким тамак-аштын аздыгынан болсо керек. Акыркы убактарда башым көп ооручу болду",- деп жазылган катта.

Гүлшайыр Абдирасулова Аскат Жетиген абактан 19-августта чыгышы керектигин белгилеген.

Жаза аткаруу кызматы акындын катында айтылгандар тууралуу комментарий бере элек.

Жарандык активист, ырчы Аскат Жетигенге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эки кылмыш ишин козгогон: биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси - 2024-жылы 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”)негизинде.

2024-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча актаган. Кийинки инстанциялар бул чечимди күчүндө калтырган.

Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү.

Жетиген бийликти кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган.

Акын азыр №47 абакта кармалууда.

Дагы караңыз

Жанарбек Акаев Ошто жол курулушунун создугуп жатканын сынга алды Талибдер Брюсселде: Батыш оогандардын жаңы режимин тааныйбы?