Баткенде эки чек арачы уруша кетип, биринин жаагы сынды

Кыргыз-тажик чек арасын тосмолоо. Баткен. 3-март, 2026-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик чек ара кызматы 13-июлда маалымат таратып, келишимдик негизде кызмат өтөгөн эки чек арачынын ортосундагы жаңжал жана анын кесепттери тууралуу маалымат берди.

Анда айтылгандай, окуя 9-июль күнү катталган. Баткенде чек ара тилкесинде зым тосмосун тосууга катышып жаткан чек арачылар жеке келишпестиктен улам чырдаша кетишкен.

“Жаңжалдын натыйжасында аскер кызматкерлеринин бири С.Т. денесине жаракат алган. Ага токтоосуз түрдө медициналык жардам көрсөтүлүп, Бишкекте Улуттук госпиталдын Жаак-сөөк жана бет хирургиясы бөлүмүнө жаткырылды. Жабырлануучунун ички жаагы сынган деген диагноз коюлду. Мамлекеттик чек ара кызматы ага зарыл болгон медициналык жана уюштуруу жардамдын баары көрсөтүлүүдө. Учурда анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда”, – деп айтылат мекеменин маалыматында.

Мамлекеттик чек ара кызматы факт боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Мекеме юридикалык баанын жыйынтыгы менен өз кызматташына күч колдонгон аскер кызматкери кызмат ордунан бошотуларын билдирет.

Күнөөлүү тарапка укуктук баа берүү үчүн жана мыйзамга ылайык чечимдерди кабыл алуу үчүн кызматтык иликтөөнүн материалдары Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилмекчи.

Чек ара жана башка аскердик бөлүктөрдө кызмат өтөгөн жоокерлердин жана иштеген кызматкерлердин ичинде уруш-талаш, жаңжал чыгып, бири-бирине зыян келтирген же атыша кеткен окуялар Кыргызстанда маал-маалы менен катталып турат. Алардын айрымдары өлүм менен аяктаган учурлары да бар. (ErN)