13-июлда 2026–2027-окуу жылына Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде жогорку окуу жайларга кабыл абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун бири айлампасы башталды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги кабарлады.
Документтерди кабыл алуу жана конкурстук тандоого катышуу “Абитуриент онлайн” платформасы (2020.edu.gov.kg сайты) аркылуу онлайн форматта жүргүзүлүүдө. Мектеп бүтүрүүчүлөрү тиешелүү окуу жайды тандап, тестинин жыйынтыгын таштайт, ким кабыл алынып, ким өткөнү онлайн көрүнүп турат.
Кабыл алуу өнөктүгү беш негизги тур менен өткөрүлөт. Биринчи тур 13-июлдан, экинчи тур 20-июлдан, үчүнчү тур 27-июлдан, төртүнчү тур 3-августтан, бешинчи тур 10-августтан башталат.
Ар бир турдун алкагында абитуриенттерди каттоо, окууга сунушталган талапкерлердин тизмесин жарыялоо жана алардын тандаган жогорку окуу жайында билим алууга макулдугун ырастоо этаптары жүргүзүлөт. Бешинчи тур аяктагандан кийин бош орундар калган учурда, 22-августка чейин рейтингдик тизмелердин негизинде кошумча кабыл алуу жүргүзүлөт.
Жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) кабыл алуу ЖРТнын жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлүүдө. Искусство жана дене тарбия багыттары боюнча гана кошумча кирүү сынактары белгиленген тартипке ылайык өткөрүлмөкчү.
Министрлик абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгүнүн ар бир этабынын мөөнөттөрүнө кылдат көңүл бурууга жана кабыл алуу боюнча макулдугун автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу өз убагында ырастоого чакырат.
Расмий маалыматка караганда, быйыл 11-классты 80 миңден ашуун окуучу аяктады. 9-классты аяктап жаткандар 136 миңдин тегерегинде болду. (ErN)