Одессада транспорт ишканасына Орусиянын соккусунда үч киши жараат алды

Одесса, соккуга кабылган транспорт ишканасы. 13-июль, 2026-жыл

Орусиянын армиясы 13-июлда Украинанын Одесса шаарындагы транспорт ишканасына сокку урду.

Бул тууралуу шаардык аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак билдирди.

Анын айтымында, автобустар өрттөнүп, төрт жер тамга зыян келтирилди. Үч киши жабыркап, орто оор абалда ооруканага жеткирилди.

Запорожьеде 12-июлдун түнү Орусиянын чабуулунан алты киши жабыркады, арасында 15 жаштагы өспүрүм да бар экенин облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров маалымдады.

Анын маалыматына караганда, көп кабаттуу 11 турак жайга зыян келтирилди, үйлөрдүн бири олуттуу бузулду. Тиешелүү коммуналдык кызматтар чабуулдун кесепеттери менен күрөшүүдө.

Дагы караңыз

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи айлампасы башталдыБаткенде эки чек арачы уруша кетип, биринин жаагы сынды