14-июлда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштеринин алкагында чек ара мамычаларын орнотуу башталды. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Мамычалар Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын чек аралары кесилишкен жерден башталган тилкеге тургузулду.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1008,14 чакырымды, ал эми нейтралдуу макамга ээ жер тилкелеринин жалпы периметри 14,07 чакырымды түзөт.
2025-жылдын 13-мартында Бишкекте эки мамлекеттин башчылары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге кол коюшкан.
Андан кийин Биргелешкен кыргыз-тажик демаркациялык комиссиясынын алкагында эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынан демаркация боюнча жумушчу топтор түзүлүп, алар демаркациялык чаралардын комплексин ишке ашырууга киришти.
Демаркациялоо процесси башталгандан бери жалпы узундугу болжол менен 416,01 чакырымды түзгөн мамлекеттик чек ара тилкесинде биргелешкен талаа иштери жүргүзүлдү. Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун, ошондой эле Тажикстандын Согд облусунун Исфара жана Конибод шаарларынын, Бобожон Гафуров, Жаббор Расулов, Спитамен жана Деваштич райондорунун чектеш аймактарынын алкагында 1627 чек ара белгиси (жалпысынан 1954 чек ара мамычасынан турган) үчүн алдын ала координаттар жана орнотуу жайлары аныкталып, алар жыгач жана металл казыктар менен белгиленди. (JsA\ErN)