Аскат Жетиген абак кызматкерлери соттолгон адамдарды ур-тепкиге алып жатканына даттанды

Аскат Жетиген жана анын төрт барактан турган жаңы каты. "Азаттыктын" коллажы.

№27 түзөтүү мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан акын Аскат Жетиген өзүнүн жактоочусуна кат жазып, абак кызматкерлери соттолгон адамдарды ур-тепкиге алып жатканына жана жеке өзүнүн укуктары чектелип жатканына даттанды.

15-июлда жазылган катты укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова акындын адвокатынан алганын айтып, “Азаттыкка” жиберди.

Өз катында Аскат Жетиген өзү кармалып жаткан абакта адам укуктарына каршы аракеттер болуп жатканын билдирди:

“Мекеме кызматкерлеринин көбүнүн соттолгон жарандарга болгон мамилеси адеп-ахлакка жана укуктук ченемдерге таптакыр дал келбейт. Ар-намыска, абройго шек келтирүү – кадимки көрүнүш. Оозго алгыс сөздөр менен ашатып сөгүп, өз таламын талашкан жана укугун коргогон жарандарга катаал чаралар көрүлүп, аёосуз ур-тепкиге алуу менен соттолгон жарандарды өз кулундай эзип келатышат! Буга ушул жылдын июлундагы тикмечилер бөлүмүндөгү жарандар жети айдан берки ала албай жаткан айлык акысын талап кылганы үчүн мекеме башчысы Мирбек Шаршенбеков тарабынан катуу сабалганы далил боло алат. Ошондой эле белгилүү саясатчы Алга Кылычов аброюна шек келтирген кызматкерге каяша айтканы үчүн 5 суткага айып изоляторуна жабылганы да так далил”, – деп жазды ал.

Аскат Жетиген ички тартипке ылайык камактагылар күнүнө эки ирет чуркоого милдеттүү болсо азыр үч ирет, же беш ирет мажбурлап чуркатылып жатканын кошумчалады. Ал оорулууларга дары-дармек колдонууга керектүү шарттар жаратылбаганын белгилеп, жеке өзү ооруп жатканы жөнүндө медициналык тастыктаманы ала албай жатканын кошумчалады.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалымат бөлүмү Аскат Жетигендин жаңы катында айтылгандар чындыкка дал келбей турганын билдирип, толук комментарий кийинчерээк берилерин маалымдады.

Акын Аскат Жетиген 12-июлда да абактан кат жазып, ден соолугу начарлап кеткенин, акыркы убакта башы ооруп жатканын билдирген. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) 13-июлда буга жооп берип, акындын “саламаттыгы канааттандырарлык экенин, медициналык бөлүмгө ден соолугу боюнча даттануу менен кайрылбаганын” билдирген.

Жарандык активист, ырчы Аскат Жетигенге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эки кылмыш ишин козгогон: биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси - 2024-жылы 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”)негизинде.

2024-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча актаган. Кийинки инстанциялар бул чечимди күчүндө калтырган.

Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү.

Жетиген бийликти кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган. (ErN)