Мамлекеттик чек ара кызматы, “Укук” мамлекеттик мекемеси жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мекемелери чек ара процесстерин санариптештирүү максатында Кыргызстанда “Санарип чек ара” мобилдик тиркемесин иштеп чыгып, колдонууга киргизди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.
Мобилдик тиркеме чек арадан өтө турган адамдарга сапар алдында актуалдуу жана ишенимдүү маалымат берүү максатын көздөйт. Аны жүктөп алган колдонуучу өткөрмө пункттарынын абалын, иштөө режимин, талап кылынган документтердин тизмесин жана чыгууга мүмкүн болгон чектөөлөрдү текшерип, биле алат.
Тиркеменин ишке киргизүүнүн расмий аземи 15-июлда өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын кызматкерлери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери катышты.
Тиешелүү долбоорду БУУнун Тынчтыкты куруу фонду каржылап, БУУ БКБ, БУУӨП жана ЭМУ мекемелери ишке ашырууда. (ErN)