АКШ Сенатына Орусияга карата олуттуу санкциялар тууралуу сунуш киргизилди

Линдси Грэм

АКШ Сенатынын кароосуна мурда республикачы сенатор Линдси Грэм сунуштаган Орусияга каршы санкцияларды күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору сунушталды. Анын көзү өткөндөн кийин бул демилгени Конгресстин жогорку палатасына демократ Ричард Блюменталь киргизген.

Документке буга чейин 60тан ашуун сенатор, анын ичинде республикачы көпчүлүктүн лидери Жон Тун колдоо көрсөткөн.

"Бул мыйзам долбоорун көпчүлүктүн лидери алгачкы авторлорунун бири катары киргизүүсү Сенат жетекчилигинин бул демилгени бир добуштан колдогонун ачык билдирүүдө", - деди "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна сенаторлордун жогорку кызматтагы жардамчыларынын бири.

Мыйзам долбоорунда Орусиянын жогорку саясий жана аскердик жетекчилигине, анын ичинде Владимир Путинге, банктарына, ошондой эле коргонуу, энергетика жана транспорт тармагындагы ишканаларга каршы санкциялар каралган.

Чектөөлөр Орусиянын мунай, газ, көмүр, уран жана башка санкциялык товар ташыган кемелерине, ошондой эле орусиялык аскер-өнөр жай комплексине азык-түлүк ташыган чет элдик жарандарга жана компанияларга колдонулат. Мындан тышкары, Орусиянын мунай жана газ сатып алуусун улантып, Москвага санкцияларды айланып өтүүгө жардам берген өлкөлөрдүн товарларына 500% чейинки бажы төлөмдөрүн жана 100% чейинки тарифтерди киргизүү сунушталууда.

Санкциялар Орусия Украинага каршы согушун токтотуп, Киев макул болгон тынчтык келишими түзүлгөндөн кийин гана алынары белгиленүүдө.

Республикачы Линдси Грэм 11-июлда көз жумган. Орусия Крымды аннексиялаганга жана Украинага негизсиз бастырып кирип, согуш баштаганга чейин эле ал Владимир Путиндин саясатын катуу сындап келген. Украинаны жигердүү колдоп, Киевге бир нече жолу барган. Москвага карата санкция жана Украинаны колдоо тууралуу мыйзам долбоорлорунун тең автору болгон.

Дагы караңыз

БУУ Кыргызстандагы гендердик иденттүүлүккө байланыштуу мыйзам долбоорун сынга алдыТашовдун иши: Шаардык сот ишкерди сегиз жыл абакка кести Бишкек соту Имамидин Ташовду сегиз жылга кести Садыр Жапаров Кыргызстандын жери чет элдиктерге сатылбайт деп билдирди